Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Казакстанда “Азаттыктын” кабарчылары кармалды


Сары-Аркадагы полициянын автоунаасы, Алматы, 21-май
Сары-Аркадагы полициянын автоунаасы, Алматы, 21-май

Чымкентте “Азаттыктын” дагы бир кабарчысы Дилара Исаны жашаган үйүнүн жанынан кармап, полициянын унаасына күчтөп салып кетишкен. Журналист менен байланыш үзүлгөн.

Бир нече күн мурун Дилара Исага полиция кызматкерлери келген, аны прокуратурага чакырып, “каршылык митингине катышууга жол берилбестиги” тууралуу эскертүү беришкен.

Бир саат мурда Астанада “Азаттыктын” кабарчысы Мади Бекмаганбетов менен оператор Ержан Амирхановду да полиция унаасына салып кеткени кабарланды.

Атырау шаарынын борбордук аянтында 21-майга белгиленген митингдин алдында казак полициясы “Азаттыктын” кабарчысы Сания Тойкенди кармап, документтеринин көчүрмөсүн алган соң кое беришкен.

20-майдан бери Казакстанда “Азаттыктын” сайты ачылбай жатат.

21-майда өлкөнүн бардык аймактарында жердин чет өлкөлүктөргө сатылышына каршы митингдер болмок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG