Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Москвада кылмышка шектелген кыргызстандык кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

22 жаштагы Батыржан уулу Айбек аттуу кыргыз жигит буга чейин кыргызстандык кыздарды зордуктаган, тоногон деген шек менен кармалганын ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү маалымдады. Ага ылайык, алдын ала жүргүзүлгөн иликтөөлөр көрсөткөндөй, кармалган жигит иш издеген кыздарга ресторандан жумуш убада кылып, жолугушууга чакырып жүргөн. Жолугушууга келген кыздарды ээн жерге алып барып, күч колдонуп зордуктап, андан кийин акча, телефон сыяктуу баалуу буюмдарын тартып алып турган.

Ушул тапта Москванын тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. ИИМдин өкүлчүлүгү Батыржан уулу Айбектен жабыркагандар дагы изделип жатканын билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG