Синоптиктердин маалыматы боюнча, 22-майда Баткен облусунун кээ бир райондорунда жана Алай өрөөнүндө жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 7...13, күндүзү 23...28 градус ысык болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 10...15, күндүзү 24...29 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүзү 16...21 градус жылуу болот. Нарында түнкүсүн 1...6, күндүзү 18...23 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү температурасы 10…12, күндүзгү температурасы 26…28 градус жылуу болот.