Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:08

Венада кыргызстандык сүрөтчүнүн көргөзмөсү ачылды


Халида Шимованын көргөзмөсү
Халида Шимованын көргөзмөсү

Кыргызстандык сүрөтчү Халида Шимованын көргөзмөсү 17-майдаВенадагы эл аралык борбордо ачылды. Көргөзмө “Азия мозаикасы” деп аталып, 27-майга чейин уланат. Иш-чаранын ачылышына БУУнун кызматкерлери, Австриядагы Кыргызстандын элчилигинин, Австрия-Кыргызстан коомунун мүчөлөрү жана Венадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Бул кыргызстандыктардын Вена эл аралык борборунда өтүп жаткан алгачкы көргөзмөсү.

Халида Шимова өзүнүн эмгектери менен 2000-жылы Түркияда ТҮРКСОЙ уюмунун сыйлыгын алган. 2012-жылы Кытайдагы эл аралык көргөзмөгө катышкан. Өткөн жылы Нью-Йоркто «Алтын бүркүт» сыйлыгын утуп алган.(ZKo)

 

XS
SM
MD
LG