Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Казакстанда кечээ кармалгандарга айыппул салынды


21-майда Казакстандын ири шаарларында жарандар бийликтин жерди чет элдиктерге узак мөөнөткө ижарага берүүсүнө каршы нааразылык билдиришкен.
21-майда Казакстандын ири шаарларында жарандар бийликтин жерди чет элдиктерге узак мөөнөткө ижарага берүүсүнө каршы нааразылык билдиришкен.

21-май күнү жердин чет элдиктерге сатылышына каршы митинг уюштурду деген айып менен ондогон киши соттолуп, ар кандай жазага тартылды. Соттор кечээ түнкү саат он экиге чейин иштеп, нааразылыкка чыккандардын көбүн административдик жазага тартты. Маселен, Алматы шаар соту жарандык активист Рысбек Сарсенбай менен жана Маржан Аспандияровага 42 миң теңге өлчөмүндө айыппул салган.

Ошондой эле Павлодарда кармалган активист Серикбаев Алибаевди сот 102 миң теңге айыппулга жыгып, дагы бир нече кишиге сот тарабынан эскертүү берилди.

Ушундай эле сот иштери өлкөнүн Астана, Атырау, Чимкент жана башка ири шаарларында да болгону кабарланууда. Акыркы кабарлар боюнча, учурда полиция Алматы жана Атырау шаарларындагы борбордук аянттарды катуу көзөмөлгө алып жатат.

21-майда Казакстандын ири шаарларында жарандар бийликтин жерди чет элдиктерге узак мөөнөткө ижарага берүүсүнө каршы нааразылык митингине чыгышмак. Полициянын куугунтуктоосу менен көпчүлүк шаарларда митинг болбой калды. Күч кызматтары митингге чогулган элди кууп, айрымдарын кармап, камакка алган.

XS
SM
MD
LG