Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду коммерциялык банктар аркылуу да насыя берүүнү баштайт


Generic -- Bribe, corruption
Generic -- Bribe, corruption

Аталган фонддун басма сөз катчысы Улан Ногойбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жакынкы күндөрү бир нече коммерциялык банктар аркылуу насыя бериле баштайт. Фонддун насыясын берүү учурунда коммерциялык банктар өздөрүнүн үстөк пайыздарын кошууга укуктары жок.

Ушул тапта орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстанда ишкерликти колдоо үчүн 1 млн долларга чейинки насыяларды Айыл банк, РСК банк жана КISB банкы аркылуу берип жатат.

1 млн долларга чейинки насыялардын жылдык үстөгү 7%дан 5%га чейин төмөндөтүлгөн. Ал эми төлөө мөөнөтү 5 жылдан 15 жылга чейин узартылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG