Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Базар-Коргондун борбордук базарында өрт чыкты

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун борбордук базарынан өрт чыкты. Облустук өрткө каршы кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, өрт кечээ кечки он бирлер чамасында болгон. Жалынды өчүрүүгө Жалал-Абад шаардык жана Ноокен райондук өрткө каршы кызматы тартылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча базардын 70% бөлүгү өрттөлгөндүгү айтылууда. Адистер азыр жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. 

Борбордук базарда 500дөн ашык адам кийим-кечек жана турмуш-тиричилик техникаларын сатып эмгектенишет.(RsK)

XS
SM
MD
LG