Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:17

Орусияда кендеги кырсыкка кабылгандардын арасында кыргызстандыктар жок


Орусиянын Красноярск аймагындагы алтын кенде камалып калгандардын ичинде кыргызстандыктар жок экенин Тышкы иштер министрлиги билдирди. Красноярск аймагынын Түндүк Энесай районунда жайгашкан алтын казуучу “Восточный” кениндеги ачык карьердин бир бөлүгү бүгүн эртең менен кулап кетип, анда иштеген 150дөй адам камалып калган. Алардын өмүрүнө коркунуч жаралбаганын, жапа чеккендер жана каза тапкандар болбогонун Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыялады. Карьерде адамдар 300дөн 560 метрге чейинки тереңдикте калган. Кырсыкка карьердин дубалын жер алдындагы суу менен жуугандык себеп экени айтылууда. Кенге кеткен жолдун бир бөлүгү да талкаланган. (NT)

XS
SM
MD
LG