22-майда болгон финалдык оюнда Канада командасы Финляндияны 2-0 эсебинде утуп алды. Москвада өткөн финалдык оюнду көргөнү келген күйөрмандар арасында орус президенти Владимир Путин да болду. Ошону менен Канада дүйнөнүн 26-ирет чемпиону болду. Коло медаль үчүн оюнда Орусиянын командасы АКШнын командасын 7-2 эсебинде утту. Орусиялык чабуулчу Вадим Шипачев бир гол киргизип, жалпы 18 голу менен турнирдин мыкты бомбардири болуп калды. АКШнын жаш командасы коло медаль алуу мүмкүнчүлүгүн төрт жылдан бери үчүнчү жолу колдон чыгарып жиберди. (AiT)