Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жана Кытай министри Ван И эки өлкөнүн кызматташуусун Ташкенде талкуулады. Камиловдун айтымында, министрлер ошондой эле 2015-1016-жылдары Өзбекстандын төрагалыгы кезинде Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү маселесин да сүйлөштү. ШКУга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 23-24-майда Ташкенде жыйын өткөрүшөт. Кытай министри Ван И Ташкенге келер алдында Астана жана Бишкекте болду. ШКУга Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. (AiT)