Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Стамбулда кармалган жасалма паспорттор боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан жасалма паспорт жасоо менен алектенген деп шектелип жаткан кыргызстандык төрт жарандын күнөөлүү экени далилденсе, аларды экстрадициялоону Түркиядан өтүнөт. Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.

17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан Сауд Арабиянын Жидда шаарына жөнөп жаткан учурда кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур кармалган. Жасалма паспорт жасаган деген шек менен Кыргызстандын 4 жараны колго түшкөн. (NT)

XS
SM
MD
LG