Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Эл аралык Валюта фонду Молдованын банк системасына баа берет


Борбордук банк.
Борбордук банк.

Эл аралык валюта фонду Молдованын насыя берүү өтүнүчүн кароого чейин өлкөнүн финансылык системасына жакындан байкоо салмакчы. Фонддун атайын миссиясынын башчысы Иванна Владкова-Холлар 23-майда билдиргендей, Молдованын банктары сырткы кийлигишүүсүз, жөнгө салынган системанын алкагында иштөөгө тийиш.

Премьер-министр Павел Филип өкмөт Эл аралык валюта фондунун талаптарына жооп берүү үчүн финансы, банк жана сот системаларын реформалоону улантарын ырастады.

2014-жылдагы парламенттик шайлоо алдында өлкө банктарынан 1 миллиард доллардан көп акчанын жоголгонуна байланыштуу былтыр сентябрда тутанган нааразылык акциялары Борбордук банктын төрагасынын отставкасы менен аяктаган. Ошондон кийин фонд Молдовадан чыгып кеткен.

Дүйнөлүк финансылык институттун өкүлдөрүнүн азыркы иш сапары апта аягына чейин уланмакчы.

XS
SM
MD
LG