Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Жалал-Абадда жумуш орундарынын жармаңкеси өттү


Жармаңке.
Жармаңке.

Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмү Барпы театрынын алдында “Бош жумуш орундары жана кесиптер” деп аталган жармаңке уюштурду. Ага бир катар ишканалар, жогорку окуу жайлары жана кесиптик билим берүү лицейлери катышып, бош жумуш орундарын сунушташты.

Азыр Жалал-Абад шаардык миграция жана жумуштуулук боюнча комитетинде иштерге иши жок бош жүргөн 1 миң 459 адам каттоодо турат. Анын ичинен 202 атуул ишке орноштурулуп, 65и окуу курстарынан билим алууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG