Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Нарындагы облустук драма театрга кичи автобус берилди


Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры президент Алмазбек Атамбаевдин атынан 18 орундуу кичи автобус алды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы "Азаттыкка" билдирди. Бул автоунаа менен театр кызматкерлери облустун башка аймактарын кыдырып, элге өнөр тартуулашат.

Мындан сырткары аталган театрдын имараты быйыл мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 25 миллион сомго капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү турат. Учурда акча бөлүнүп, оңдоо иштерине тендер жарыяланды. (MiK)

XS
SM
MD
LG