Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Украина куралдуу күчтөрүнүн жети жоокери набыт кетти


Украина акыркы 24 саатта өлкөнүн чыгышында жети жоокери окко учканын жана тогузу жарадар болгонун билдирди. Улуттук коопсуздук кеңешинин жетекчиси Олександр Турчинов бүгүнкү билдирүүсүндө быйыл бир эле күндө аскерлер арасында мынча көп жоготуу боло электигин белгиледи.

Орусия колдогон жикчилдер оор куралдын жардамы менен өкмөттүк күчтөргө чабуулдарын көбөйткөнүн айткан Турчинов, Москва жаңжалды тынч жол менен чечүү аракеттерине бут тосууда деп айыптады. Ал ортодо жикчилдер армияны 23-майдын кечинде Донецкти аткылагандыгы үчүн күнөөлөдү. Алардын айтымында, сегиз турак жайга зыян келтирилди. 2014-жылдын апрелинен бери өкмөттүк куралдуу күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин урушунда 9300дөн көп киши мерт болду.

2015-жылдын февралында жетишилген Минск келишими зордук-зомбулукту басаңдатууга жардам бергени менен кармаштар уланууда.

XS
SM
MD
LG