Франциянын тышкы иштер министрлиги 24-майда Орусиянын айыл чарба министри, Москва Крымды аннексиялап алгандан кийин киргизилген санкциялардын алкагында “кара тизмеге” камтылган Александр Ткачевго виза бергенин бышыктады. POLITICO басылмасы министрликтин басма сөз катчысына шилтеме менен жазгандай, өлкөгө кирүү уруксаты Ткачев эл аралык конференцияга катышып жаткандыгы үчүн берилген. Министр Жаныбарлардын саламаттыгын коргогон эл аралык уюмдун Парижде өтүп жаткан ассамблеясына орус делегациясын баштап келген. Январ айында Германия Ткачевго виза берүүдөн баш тарткан.
Анын ысымы "кара тизмеге" ал Краснодар аймагын жетектеп турган кезде, 2014-жылдын орто ченинде кошулган. Ошондо губернатор аннексияланган жарым аралдын жетекчлиги тарабынан “Крымды бошотууга кошкон салымы” деген медалы менен сыйланган.