Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Орус ырчысы Иосиф Кобзон Бишкектин ардактуу атуулу болду


Иосиф Кобзон.
Иосиф Кобзон.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, борбордун ардактуу атуулу төш белгиси Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутького тапшырылды. Мындай наам ырчынын 80 жылдык мааракесине карата ыйгарылган.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов атактуу ырчы жакынкы аралыкта бишкектиктерге өз өнөрүн тартуулайт деген ишенимин билдирди

СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон Орусиядагы атактуу ырчылардын бири. Акыркы жылдары ал Орусиянын Крымды аннексиялашын активдүү колдоп, Крымда бир нече жолу концерттерди уюштурган. Буга байланыштуу Украина жана Европа биримдиги ырчыны "кара тизмеге" киргизип, кирүүгө тыюу салган. (BkA)

XS
SM
MD
LG