Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Ооганстанда талиптердин командари жок кылынганы кабарланды


Ооганстан. Ооган аскерлери
Ооганстан. Ооган аскерлери

Ооган бийликтери талиптердин командирлеринин бири, Гильменд провинциясынын көмүскөдөгү губернатору аталган Молдо Музамелдин өлтүрүлгөнүн кабарлады.

Гильменд провинциясынын губернаторунун маалымат катчысы Омар Звак Молдо Музамел 22-майда Маржи районундагы абадан урулган соккудан өлтүрүлгөнүн билдирди.

“Ал алган жараатынан оңоло албай каза болду”-деди Омар Звак.

Ооган ички иштер министринин өкүлү Садик Сидики бул маалыматты тастыктап, ооган күчтөрүнүн атайын операциясынын жүрүшүндө Молдо Музамел менен бирге "Талибандын" дагы эки командири жок кылынганын маалымады.

Анткен менен "Талибан" мындай маалыматты төгүнгө чыгарууда. "Талибандын" өкүлү Кари Юсуф Ахмади Гильменддин көмүскө губернатору аталган командир аман-соо экенин айтып чыкты.

Апийим көп өстүрүлгөн Гильменд аймагында "Талибандын" таасири күчтүү. Бирок акыркы учурда өкмөттүк күчтөр өз позициясын күчтөө боюнча операцияларды жүргүзүп жатат.

Ушул жума башында АКШ аскер күчтөрү Пакистанда талиптердин кол башчысы Ахтар Мансурду өлтүргөнүн кабарлаган.

XS
SM
MD
LG