Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Сот “Кумтөр” компаниясынын өтүнүчүн четке какты


"Кумтөр" ишканасынын логосу
"Кумтөр" ишканасынын логосу

Бишкектин район аралык соту бүгүн “Кумтөр голд компани” ишканасынын экологияга келтирген зыяндар боюнча ишти кароону токтотуу өтүнүчүн четке какты.

23-майда сот Кумтөр кениндеги экологиялык эрежелердин сакталбаганы тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын доосун канааттандырган.

Аталган инспекция “Кумтөр голд компани” ишканасы “кен казууда калдыктарды муздун үстүнө таштаган”, “жер катмарын бузган”, “эсепке алынбаган уу заттарды калдык сактоочу жайга төккөн” жана “суу үчүн акы төлөгөн эмес” деген төрт доо менен сотко кайрылган. Мындан айлана-чөйрөгө келтирген чыгым үчүн 7 миллиард сом талап кылган. Бул боюнча териштирүү 23-майда башталып, арыздардын бири канааттандырылган, сот “Кумтөр оперейтинг компанини” 663 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Калган үч иш боюнча жараян уланууда. “Кумтөр” компаниясы коюлган доого макул эместигин билдирип келет. (NT)

XS
SM
MD
LG