Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:17

Орусияда кыргызстандык окуучуну зордуктоого шектүү адам кармалды


Санкт-Петербург шаарында 16 жаштагы окуучу кызды зордуктады деген шек менен 15 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары укук коргоо органдарына таянуу менен кабарлашты. Маалыматка караганда, зомбулук көргөн кыз Кыргызстандан барган. Ата-энеси жана иниси менен Санкт-Петербургда жашайт. 24-майда акыркы коңгуроо салтанатын белгилөө үчүн мектепке кеткен бойдон шаардагы каналдардын биринин жанындагы үйдүн чатырынан мас жана зордукталган абалда табылган. Бул окуя боюнча “зордуктоо” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Азыр шектүү өспүрүмдүн баш коргоо чарасы аныкталууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуя тууралуу ырастап, бирок кыздын ата-энесинин каршылыгына байланыштуу эч кандай маалымат таратпай турганын айтууда. Мекеменин билдирүүсүндө, Санкт-Петербургдагы консулдук жана Орусиядагы элчилик жабыр тарткан окуучунун үй-бүлөсүнө керектүү жардам көрсөтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG