Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов билдирди. 6-июндан тарта 30 күн бою мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин наар тартпай, исламдын беш парзынын бири болгон орозо амалын аткарышат.
Бул айда мусулмандар колу жука кишилер үчүн муфтият белгилеген өлчөмдө орозо битир акчасын беришет. Азырынча муфтият битирдин көлөмүн так айта элек. Былтыр ал Кыргызстанда жан башына 40 сомдон деп чечилген эле. (SDz)