Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Жалал-Абад: көз боёмочулук менен алектенген эне-бала аныкталды


Облустук ички иштер башкармалыгы аялдарды алдап акча алып жүргөн эне-баланы аныктады. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Сузак районунун тургуну, 2-топтогу майып, 51 жаштагы аял түрмөдө отурган баласы менен бирге жарандарды алдап жүргөн. Акчасын алдаткан беш аялга түрмөдө отурган баласы алардын уулу катары чалып, кырсыкка кабылганын, көп суммадагы акча керек болуп жатканын айтат. Аны уккан энелер ошол замат акча таап көз боёмочулук кылган аялга жеткирип турушкан.

Бул факты боюнча милиция аялды кармап, кылмыш ишин козгоп шаардык сот эки айга камакка алган. Бирок облустук сот шектүү аялды үй камагына чыгарды. Жалпысынан жабырлануучулар 600 миң сомдон ашык акчасын алдатышкан. Учурда тергөө иштери уланууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG