Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Аба ырайы: эртең жаан жаайт


Синоптиктер 27-майда аба ырайынын туруксуздугунан жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү кооптуулугу бар экенин эскертет.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 20...25;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 12...17, күндүз 21...26;

Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8...13, күндүз 14...19;

Нарын обусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21 градуска чейин көтөрүлөт.

27-майда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы 15…17°, күндүз 23…25° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG