Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Евробиримдиктин төрагасы Орусияга каршы санкция алынбастыгын билдирди


Евробиримдиктин төрагасы Дональд Туск Орусиянын Украинага каршы аракети үчүн биримдик санкциясы “чоң талаш-тартышсыз” узартыларына ишенерин билдирди. “Мен так айткым келет, биздин Орусияга карата мамилебиз, анын ичинде экономикалык санкция Минск келишими так аткарылмайын сакталып кала берет”,- деди Туск 26-майда Жапонияда чоң жетиликтин жыйыны алдында.

Акыркы мезгилде Орусияга каршы санкцияларды алып салуу чакырыгы чыга баштаган. Маселен, апрель айында Франциянын парламенти чечим кабыл алып, анда Орусиянын мунай, коргоо жана банк тармагын санкциядан чыгарууну сунуштаган. Бирок бул чечим француз бийлигин эч нерсеге милдеттендирбейт. Жыл сайын жаңыртылчу санкциянын кезектеги мөөнөтү июль айында аяктайт. (AiT)

XS
SM
MD
LG