Президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков “биздин балдардын Москвага кайтышы жана Савченкону бошотуу эки ортодогу мамилени өзгөртүүгө кудуреттүү эмес. Албетте, биз мамиленин конструктивдүүрөөк болушун каалайбыз” деди 26-майда. Орусия абагында отурган украиналык учкуч Надежда Савченко 25-майда бошотулуп, Киевге жеткирилди. Аны Батыш өлкөлөрү кубаттоого алды.
Европа Биримдиги дагы бир нече жумадан кийин Москванын Украинага карата аракети үчүн 2014-жылы киргизилген санкцияларды дагы бир жылга узартууну карайт. (AiT)