Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:49

Жалал-Абадда китепканалардын көпчүлүгү жараксыз абалда


Китепкана.
Китепкана.

Облус аймагындагы райондук жана айылдык китепканалардын көпчүлүгүнүн өздүк имараттары жок, айрымдары жараксыз абалга келди. Бул тууралуу облустук китепкананын жетекчиси Сейил Аталиева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, облустук китепкана жайгашкан имарат 1926-жылы курулуп, учурда авариялык абалда турат. Аны кайра куруу маселеси каралууда.

Жалал-Абад облусунун аймагында жалпысынан 195 китепкана бар. Аларда 377 адам иштеп, 2,3 млн даана китеп менен камсыздалган. Бүгүн 27-май Кыргызстанда китепканачылар күнү белгиленет. Ошондой эле облустук китепкананын уюшулгандыгынын 90 жылдык мааракеси кечээ өткөрүлдү. (RsK)

XS
SM
MD
LG