Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Зууракан Иманкалыковага арналган көргөзмө өтөт


Кыргыз ССР Жогорку Советинин мурдагы имараты.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин мурдагы имараты.

Бүгүн Исхак Раззаков атындагы үй-музейинде мамлекеттик ишмер Зууракан Иманкалыковага арналган көргөзмө өтөт. “Өткөн күндү барактап” деп аталган көргөзмөдө мугалимдин жакын туугандары, анын колунан билим алган адамдардын эскерүүлөрү орун алат.

Зууракан Иманкалыкова СССРдин Жогорку Кеңешинин 4-5-6 чакырылышынын депутаты болгон. Өзүнүн эмгек жолунда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрага орун басары, Жогорку Кеңештин Президиумунун катчысы жана сыйлык берүү бөлүмүндө көп жылдар кызмат өтөгөн. 1971-жылдан баштап Иманкалыкова Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых, билим берүү методикасы кафедрасында доцент болуп 20 жыл эмгектенген. (SDz)

XS
SM
MD
LG