Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Чүй айыл өкмөтүнүн жетекчилерине кылмыш иши козголду


Башкы прокуратура УКМК менен биргеликте Чүй облусундагы Чүй айыл өкмөтүнүн №2 мектебиндеги капиталдык оңдоонун мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузууларды тапты.

Текшерүүдө айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери тендерде утурумдук компанияны жеңүүчү деп таап, ошол жакка акча которуп келгени маалым болду. Жалпысынан 2 миллион 786 миң 900 сом мектепти ондоо иштерине которулган. Иликтөөдө оңдоо иштерин жүргүзчү компания менен келишим бузулганына карабай, каражат которулуп келгени да анык болду. Билдирүүдө айтылгандай, мыйзамсыз операциядан мамлекет олуттуу зыян тарткан.

Факты боюнча Башкы прокуратура “кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “көз боёмочулук”, “мамлекет кызыкчылыгына каршы сатып алууларды жүргүзүү” беренелери менен кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иштерин улантууда.

XS
SM
MD
LG