Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Рахмон: Жүздөгөн тажик жарандары террордук топтордун катарында согушууда


Президент Эмомали Рахмон.
Президент Эмомали Рахмон.

Дүйшөмбүдө 27-майда өткөн Жаштардын республикалык кеңешинде президент Эмомали Рахмон жүздөгөн тажик жарандары экстремисттик уюмдардын, анын ичинде “Ислам мамлекети” террордук тобунун катарында согушуп жүргөнүн билдирди.

Рахмон согушта өлгөн студенттер жергиликтүү жана чет өлкөдөгү окуу жайларда билим алып жүрүп, ар кандай жолдор менен Сирия менен Иракка кетишкенин айтты. Ошондой эле президент ушул тапта чет өлкөлөрдө мыйзамсыз окуп жаткан 370 студентке камтамасын билдирди.

Тажикстандын башкы прокурору Рахмон Юсуф экстремисттик топтордун катарында 1094 тажик жараны согушуп жүргөнүн маалымдаган.

Өткөн жылы 147 тажик жараны өз мекенине кайтып келген. 780 кишиге издөө жарыяланган. 31 киши “Ислам мамлекети” террордук уюмуна кошулууга баратканда кармалса, анын катарындагы 166 тажик жаранына кылмыш иштери козголгон.

XS
SM
MD
LG