Украиналык учкуч Надежда Савченко зарылдык болсо Украинанын президенти болууга даяр экенин билдирди. “Азырынча биздин жарандар акчага алданбай өз добушун берерине көзүм жетпейт”, – деп айтты орусиялык абактан бошонгон учкуч. Ошол эле учурда ал жергиликтүү саясатчылар менен кол алышуусун саясатташтырбоону өтүндү.
Буга чейин айрым маалымдоо каражаттары украиналык депутаттарга шилтеме жасап, Савченко Жогорку Раданын улуттук коопсуздук жана коргоо комитетинин курамына мүчө болот деген кабарды жайгаштырган.
Надежда Савченко 2014-жылдын жайында ВГТРКнын эки журналистин өлтүрдү деп Орусияда 22 жылга абакка кесилген. Бирок 25-майда Орусия президенти Владимир Путин айыбын кечирүү жөнүндө жардыкка кол коёр менен Савченко бошотулган. Ошол эле күнү президент Порошенко Чыгыш Украинада колго түшкөн орус жарандары Евгений Ерофеев жана Александр Александровду бошотуу тууралуу жардыкка кол койгон. (SDz)