27-30-майда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрөт.
Синоптиктер 28-майда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүндүгүн кабарлайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 20...25;
Таласта түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15, күндүз 22...26;
Баткенде түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19;
Нарын обусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкек шаарында 28-майда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 13...15 градус, күндүз 22...24 градус болот. (SDz)