Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сел жүргөн аймакка барды


Өкмөт башчы Кадамжайдагы сел жүргөн айылдарды кыдырып, табигый кырсыктын кесепеттери менен таанышууда. Ал ошондой эле жергиликтүү эл менен жолугуп, селден жабыркагандарга жардам көрсөтүү тууралуу сүйлөшөт.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, селден каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө кыргыз өкмөтүнүн фондунан материалдык жардам көрсөтүлөт.

Баткен облусунун Кадамжай районда 27-май күнү катуу сел жүрүп, беш адамдын өмүрүн алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кырсык Кадамжай-Айдаркен жолунда кечки саат бештерде болгон. Катуу селден улам тоодон таштар кулап, жолдо бараткан "Хонда CRV" үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Натыйжада унаадагы беш киши каза болуп, бир баланы куткаруучулар аман алып калышты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG