Президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө Кадамжайдагы селдин кесепетин жоюу үчүн чара көрүүгө тапшырма берди.
Мамлекет башчы кырсыктан каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, аларга материалдык жардам көрсөтүүнү буюруду.
Мындан тышкары жабырлануучуларга колдоо көрсөтүүнү уюштуруу иштери үчүн Кадамжай районуна кеңешчиси Икрамжан Илимияновду жөнөткөнү маалым болду.
27-майда Баткен облусунун Кадамжай районда кечки саат беште катуу сел болуп беш адамдын өмүрүн алып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Кадамжай-Айдаркен жолунда катуу селден улам тоодон таштар кулап, жолдо бараткан "Хонда CRV" үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Куткаруучулар машиненин ичинен бир баланы куткаруучулар аман алып калууга үлгүргөн.