Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Кыргызстанда 400дөн ашуун айылда суу түтүгү жок


Өткөн жылы элет жерлерин ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн бюджеттен 358 млн сом каралып, бирок болгону 50 млн сом гана бөлүнгөн. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаевдин баяндамасында айтылат.

"Өлкөдөгү ичүүчү суу түтүктөрү 1970-жылдары курулган боюнча, оңдоо-алмаштыруу иштери жүргүзүлбөй турат. Түтүктөр эскиргендиктен, аны менен агып келген сууну ичүүгө да мүмкүн эмес. Ал эми 400дөн ашуун айылда ичүүчү суу менен камсыз кылуучу түтүктөр таптакыр жок.

Кыргызстандын эл жашаган аймактары 21% гана саркынды суу агызуучу система менен камсыздалган. Айыл жерлеринде мектептерде жана медициналык мекемелерде гана саркынды суу агызуучу система болбосо, калган жерлерде жок", - деп жазылган баяндамады.

Акыйткатчы институту жүргүзгөн иликтөөлөр боюнча, Баткен облусунда 75 миң жашоочусу бар 87 айылда суу түтүктөрү жок, Ысык-Көлдө 16 айылда, Нарын облусунун дээрлик 30% айылдарында ичүүчү суу менен камсыз кылуучу түтүктөр жок.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 1 891 элдүү пункт бар, алардын ичинен 1 805и расмий түрдө айыл деген макамга ээ.(ZKo)

XS
SM
MD
LG