Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Мүлк фонду Аскаровдун үйү боюнча түшүндүрмө берди


Азимжан Аскаров
Азимжан Аскаров

Мамлекеттик мүлк фондунун басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, Азимжан Аскаровдун үй-мүлкүн конфискациялоо боюнча сот чечимине ылайык, анын үй-мүлкү мамлекетке өтөт. Мүлк фонду мыйзам боюнча, Аскаровдун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айылынын Ховузбою №3 дарегинде жайгашкан турак-жайын мамлекетке өткөрүү тууралуу буйрук чыгарган. Буга байланыштуу конфискацияланган мүлктү мамлекет карамагына өткөрүп, каттоо үчүн райондук мүлк фондунун кызматкерлери 25-майда Базар-Коргон райондук сотунун сот аткаруучулары менен кошо аталган даректеги турак-жайга барышкан.

27-майда "Бир Дүйнө-Кыргызстан" уюму Аскаровдун мүлкүн конфискациялоого Мамлекеттик мүлк фонду аралашууга укуксуз деген билдирүү тараткан эле. Анда Аскаровдун сот тарабынан конфискацияланган турак жайы энесинен калган мурас катары саналып, азыр үй-бүлөсү жашап жатканы айтылат.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган деп соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. 2012-жылы анын мүлкү сот тарабынан камакка алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG