Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Селде набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң сомдон акча бөлүндү


27-май
27-май

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кадамжайдагы селде набыт болгон беш кишинин үй-бүлөсүнө өз фондунан 500 миң сом акча бөлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, президенттин буйругу менен табигый кырсыктан набыт болгондордун ар бирине 100 миң сомдон берилет.

27-май күнү кечки саат бештерде Кадамжай-Айдаркен жолунда катуу сел жүргөн. Мындан жолдо бараткан "Опел Фронтера" үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Натыйжада унаадагы беш киши каза болуп, бир баланы куткаруучулар аман алып калышты. Каза болгондордун бири эки жаштагы наристе. Унаадагы дагы бир бала, үч жаштагы Элдар Жороев дайынсыз жок. Айрым маалыматтар боюнча, машина кичинекей балдарды бала бакчадан алып келе жатканда селге туш болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG