Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Азамат Мусакеев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, чогулган элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, тарап кетишти:
"Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кызды сабады деген жигиттин атасы кечирим сурагандан кийин чогулгандар тарап кетишти. Кызды сабаган жигит өзү камакта экен. Кырдаалга милиция көз салып турду. Айыл өкмөттөн, акимчиликтен жетекчилер келди", - деди Мусакеев.
28-майда эртең менен Ысык-Ата районунун Ивановка айлында 50-60 чамалуу кыргыз жана дунган жаштар чогулган. Кыргыз тарап " кыргыз кызды дунган жигит сабады" деген маалыматка түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Кырдаалга милиция көз салып, тараптардын ортосунда чыр чыгуусуна жол берилген жок.(ZKo)