Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Сирияда ИМ тобу Мари шаарына чабуул койду


ИМдин согушкери
ИМдин согушкери

Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топтун согушкерлери Мари шаарына ишембиге караган түнү чабуул коюшкан. Алар жардыруучу заттар толтурулган автоунааларды жана танктарды колдонушууда.

Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, чабуул башталган учурда шаардан качууга аракет жасаган карапайым тургундар аткылоого дуушар болушкан. Болжол менен аймакта 165 миң киши жашайт.

Бир күн мурда согушкерлер Сирия менен Түркиянын чек арасындагы Аазаз шаарына жакын бир катар эл жашаган аймактарды басып алганын кабарлаган.

28-майда эртең менен Түркиянын армиясы АКШ баштаган коалициянын аткылоосунун натыйжасында 100гө чамалуу согушкер жок кылынганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG