Үч жаштагы Элдар Жороевди издөө иштери бүгүн кайра жанданды. Селге аккан баланы издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, жергиликтүү ыктыярчылар чыгышты. Бул тууралуу Кадамжайда түзүлгөн штабдан “Азаттыкка” билдиришти.
27-май күнү кечке жуук Кадамжай-Айдаркен жолунда таш аралашкан катуу сел жүрүп, “Опел-Фронтера” автоунаасы оодарылып кеткен. Ичиндеги беш киши набыт болгон, алардын бири эки жаштагы наристе. Дагы бир бала, үч жаштагы Элдар Жороев дайынсыз жок. 28-майдагы издөө иштеринде баланын кийимдери табылган. Үчүнчү бала-алты жаштагы Зарипбек Нурлан уулу куткарылган.
Селден набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө президент Алмазбек Атамбаев көңүл айтып, ар бирине 100 миң сомдон бөлдү. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кырсык болгон аймакка барып, өлгөндөрдүн жакындарына жолукту. Өкмөттүк фонддон да акчалай жардам берилди.(ZKo)