Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

“Реал Мадрид” Чемпиондор лигасынын кубогун утуп алды


“Реал Мадрид” Чемпиондор лигасынынын кубогун утуп алды
“Реал Мадрид” Чемпиондор лигасынынын кубогун утуп алды

29-майга караган түнү Миланда 2015-2016-жыл үчүн футбол боюнча Чемпиондор лигасынын финалдык беттешүүсү болду. Чемпиондук кубокту Мадриддин эки футбол клубу: “Реал” жана “Атлетико” талашты. Мелдештин негизги бөлүгү жана андан кийинки берилген 30 мүнөттүк убакытта эсеп 1:1 болуп бүттү. Негизги убакытта дарбазага топту “Реалдын” коргоочусу Серхио Рамос менен “Атлетиконун” жарым коргоочусу Янник Караско киргизди.

Пенальти учурунда “Атлетико” командасынын оюнчусу Антуан Гризманн топту атаандашынын дарбазасына киргизе алган жок.

Натыйжада жеңиш “Реал Мадрид” командасына тийип, кубокту утуп кетишти.

“Реал Мадрид” Чемпиондор лигасынын кубогун быйыл он биринчи жолу утуп алды.

XS
SM
MD
LG