Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

Интерпол Борис Немцовду өлтүргөн деп шектелген кишиге издөө салды


Борис Немцов Орусиядагы акция учурунда, 2013-жыл
Борис Немцов Орусиядагы акция учурунда, 2013-жыл

Интерполдун сайтындагы маалымат боюнча, 29 жаштагы орусиялык жаран Руслан Мухудинов Борис Немцовдун өлүмүнө катышы бар жана ок атуучу куралды мыйзамсыз саткан деп айыпталууда.

Орус оппозиционери Борис Немцов Москванын борбордук көчөсүндө 27-февраль күнү атылган. Ага төрт ок тийип, ошол жерден жан берген. Немцовдун өлүмү боюнча беш киши кармалган. Орусияда тергөө Немцовдун өлүмү Чеченстан полициясынын мурунку кызматкери Руслан Мухудиновдун буйрутмасы менен ишке ашкан деп эсептейт. Ал эми Немцовдун жакындары анын өлүмүнө Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тиешеси бар деп санашат.

XS
SM
MD
LG