Кадамжайда селден кийин жоголгон үч жашар баланы издөө иштеринен натыйжа чыга элек. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 28-майда баланын кийимдери табылган. Өзү дайынсыз болууда.
Аймакта селдин кесепеттерин жоюу жана келтирилген чыгымдарды аныктоо иштери уланууда.
27-майда кечке жуук Кадамжай-Айдаркен жолунда катуу сел жүрүп, “Опел-Фронтера” автоунаасын оодарып кеткен. Андагы беш киши, анын ичинде эки жашар наристе набыт болгон. Алты жаштагы Зарипбек Нурлан уулу куткарылып, үч жашар Элдар Жороевдин дайыны билинбей жатат.
Кадамжайда 28-майдын кечинде да катуу жааган нөшөрдөн кийин сел жүрүп, Жийделик айылындагы ички көпүрөнү агызып, эки зым карагайды жыгып кеткен.
Сел бузуп, топурак-таш толуп калган Кадамжай-Айдаркен жолу кечээ ачылды. Тазалоо иштери жүрүүдө. (NT)