Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:41

Уруксатсыз үйлөрдү мыйзамдаштыруу демилгесин ЖК комитети жактырды


Шаар айыл.
Шаар айыл.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети уруксатсыз курулган үйлөргө мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырды. Аталган долбоорго ылайык. 2012-жылдын август айына чейин урукстасыз жер тикелелеринде курулган үйлөрдү мыйзамдаштырууну караган. Мыйзам долбоор негизинен Бишкек жана Ош шаарындагы жаңы конуштарда курулган үйлөргө тиешелүү, андай үйлөр 3000ге жакын.

Комитет жыйынынын жүрүшүндө айрым депутаттар бул мыйзам долбоорго өкмөт үч айдан бери корутундусун бербей жатканын,буга чейин Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет каршылыгын билдиргенин ырасташты.

Мыйзам долбоорду “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев иштеп чыккан. Депутат мындай мыйзамды кабыл алуу менен жарандардын социалдык укугун коргоо максатын көздөй турганын билдирип келет.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG