Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Кадамжайда селдин кесепетин жоюуга кошумча күч тартылды


Сел жүргөн жер. Кадамжай
Сел жүргөн жер. Кадамжай

Кадамжайда селден кийинки калыбына келтирүү иштерине Оштон кошумча күч тартылды.
Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттыка” билдиришти.

Жол каттамдарын ачуу үчүн 65 техника иш алып барууда. Ош облусунан да кошумча техникалар келген. Жалпысынан короолорду жана жолдорду тазалоо иштеринде 500 киши тартылды. Ал эми Ош-Айдаркен жолу аркылуу каттоого уруксат берилди.

Азыркы учурда селден үч турак жай жана 15 автоунаа жараксыз болгону аныкталды. Сел астында калган «Опел-Фронтера» унаасынын ичинде болгон 2013-жылы туулган баланы издөө иштери уланууда. Атайын комиссия чыгымдарды иликтөөнү баштады.

27-майда кечке жуук Кадамжай-Айдаркен жолунда катуу сел жүрүп, “Опел-Фронтера” автоунаасын оодарып кеткен. Андагы беш киши, анын ичинде эки жашар наристе набыт болгон. Алты жаштагы Зарипбек Нурлан уулу куткарылып, үч жашар Элдар Жороевдин дайыны билинбей жатат. (JsA)

XS
SM
MD
LG