Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:43

Президент Атамбаев ЕАЭБдин Астанадагы жыйынына катышат


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык биримдигинин жыйынына катышуу үчүн Казакстандын борбору Астанага учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин жыйында биримдик алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, башка өлкөлөр жана аймактык биримдиктер менен алаканы өнүктүрүү маселелери талкууланарын Орусиянын президентинин маалымат кызматы жазып чыккан болчу.

Евразия экономикалык биримдигине Орусия, Казакстан, Беларус, Армения жана Кыргызстан мүчө. Бул биримдик алкагында бажы көзөмөлү алынып, эркин соода жүргүзүү каралган. Уюмга 2015-жылы мүчө болго Кыргызстан менен ветеринардык көзөмөл алынбай келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG