Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

«Тоолуу өлкөлөр шериктештиги» өрүк өндүрүүчүлөрдү биригүүгө чакырды


Өрүк фестивалы
Өрүк фестивалы

Бул тууралуу «Тоолуу өлкөлөр шериктештиги» уюмунун координатору Роза Лаура Рамео 30-майда Баткендеги иш сапары учурунда билдирди. Анын айтымында, Баткенде өндүрүлгөн бир органикалык өрүктү дүйнөлүк ири базарларга алып чыгуу жана «Тоо азыгы» макамына ээ болуу үчүн өрүк өндүрүүчүлөр фермердик чарбаларга биригиши керек. Ошондой эле өрүк өндүрүүчүлөрдү колдоо жана андан жасалган продукцияны көбөйтүү зарылдыгын кошумчалады.

Кыргызстан мүчө болгон «Тоолуу өлкөлөр шериктештиги» уюмунун баш кеңсеси Италияда жайгашып, тоолуу өлкөлөрдө өндүрүлгөн нагыз продуктуларды дүйнөлүк базарларга алып чыгуу багытында иш алып барат.

Баткен облусунда жалпысынан он миң гектар өрүк аянты бар. Андан жылына 6 млрд сомго чейин киреше түшөт. (JsA)

XS
SM
MD
LG