Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

Тегеран Европа банктарын кепилдөөнү талап кылууда


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифи Европага сапары учурунда Кошмо Штаттар Европа банктарынын Иранга келишине көбүрөөк жол ачыш керек деп билдирди. Анын айтымында, бул өткөн жылы жетишкен ядролук келишимде АКШ өзүнө алган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл. Анткени АКШнын санкциясына кириптер болуп калбаш үчүн Европа банктары Иранга келүүдөн чочулап турат.

31-майда Зарифи Варшавага келип, Польша жетекчилиги менен сүйлөшүү өткөрдү. Эки тарап 2014-жылы 57 млн. доллар болгон соода көлөмүн 1 млрд. долларга жеткирүүнү убадалашкан. Мохаммад Жавад Зарифи 2-июнга чейин Финляндия, Швеция жана Латвияда болмокчу. (AiT)

XS
SM
MD
LG