Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Үңкүр-Тоо токтому боюнча кылмыш иши козголгон жок


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов билдирди. Анын айтымында, прокуратура бул иш боюнча териштирүү жүргүзүп, өкмөт жыйынына катышкан кызмат адамдарын суракка алган. Алардын баары Аксыдагы Үңкүр-Тоону Өзбекстандын аймагында жайгашкан деп жазылган токтом болбогонун билдиришкен.

Ошондой эле Токтогулов бул токтомдун түп нускасы табылбаганын кошумчалады.

Аксы районундагы Үңкүр-Тоодо Кыргызстандын радиорелейлик станциясы жайгашкан. Март айында жергиликтүү депутаттар аларга өкмөттөн бул станцияны көчүрүү тууралуу протокол келгенин, анда радиорелейлик мунара Өзбекстандын аймагында деп жазылганын, бирок эч убакта ал жер өзбек тараптыкы болбогонун айтып келишкен. Өкмөт да мындай токтом болбогонун билдирген.

Парламент бул маселени жабык карап, Башкы прокуратурага интернетте өкмөттүн протоколу деп тарап жаткан материалдардын чын-төгүнүн териштирип, жообун берүүнү тапшырган.(BkA)

XS
SM
MD
LG