Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 15:58

ЮНИСЕФ оорулуу балдарга жардам берет


Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Жапония оор дартка чалдыккан балдардын абалын жеңилдетүү максатында Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарына 12 миллион сомго дем алуучу аппарат тапшырат.

Кычкылтек концентранттары менен коюла турган бул дем алуучу аппараттар оор өпкө ооруларын дарылоого багытталган. Бул тууралуу «Азаттыкка» ЮНИСЕФ балдар фондунан кабарлашты. (BCh)

XS
SM
MD
LG