Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:20

Кадамжай: сел агызып кеткен наристени издөө уланууда


Кадамжайдагы сел.
Кадамжайдагы сел.

Кадамжайда селден кийин жоголгон үч жашар Элдар Жороев табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кадамжайдагы селдин кесепетин жоюу боюнча штаб башчысы Алмаз Асанов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аймакта селдин кесепеттерин жоюу жана келтирилген чыгымдарды эсептөө иштери уланууда. Сел канча зыян алып келгени бүгүн кечке жуук аныкталат.

27-майдын кечинде Кадамжай-Айдаркен жолунда катуу сел жүрүп, “Опел-Фронтера” автоунаасы оодарылып кеткен. Андагы беш киши, анын ичинде эки жашар наристе набыт болгон. Алты жаштагы Зарипбек Нурлан уулу куткарылып, үч жашар Элдар Жороевдин дайыны билинбей жатат. 28-майда баланын кийимдери табылган. Азыр куткаруучулар машине кулаган жерден баштап, Өзбекстандын чек арасына чейинки аралыкта сууну бойлой издеп жатышат. Жергиликтүү бийлик коңшу мамлекеттин өкүлдөрүнөн кандайдыр бир илинчек болсо кабарлап коюуну өтүнгөн.

Кадамжайда 28-майдын кечинде да катуу жааган нөшөрдөн кийин сел жүрүп, Жийделик айылындагы ички көпүрөнү агызып, эки зым карагайды жыгып кеткен.

Топурак-таш толуп калган Кадамжай-Айдаркен жолу толук ачылды. Сел калдыктарын тазалоо иштери жүрүүдө. (NT/JsA)

XS
SM
MD
LG